25 янв 2019
“Бир кезде жалпы бюджети 20 млрд сом, кирешеси 64 млн сомду түзүп, 200 миңден ашуун калкты тейлеген "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясы учурда банкротко кептелди. Анткени, мурда паркында 5 учак болсо, азыр анын бирөөсү да жок. Мындай абалга компанияны 2010-жылдан бери жетектеп келе жаткан Жолдош Бектурганов алып келген. Ошондуктан, аталган жетекчини кызматтан алып, экономикага зыян келтиргени үчүн жоопко тартуу керек”. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын депутаты Гульшат Асылбаева билдирди.
Өнүгүү - Прогресс
2:50
Раскадровка